Украинадагы согушта 19 жаштагы Сыргакбек Өзүбеков каза тапты

Украинадагы согушта 18-май күнү 19 жаштагы Сыргакбек Өзүбеков каза тапты. Бул тууралуу Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимарченко билдирди.

Ал маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Коомдук желенин кыргыз сегментинде интернет колдонуучусу каза тапкан жигит тааныштарынын баласы экенин, сөөгү дагы деле Кыргызстанга алып келине электигин билдирип, кийин постун өчүрүп салган.

Азырынча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган маалыматты бышыктап же төгүнгө чыгарыш үчүн комментарий бере элек.

Буга чейин орус армиясынын катырында кызмат өтөп Украинадагы согушта набыт болгон үч жаш жигиттин сөөгү Кыргызстанга алып келинген.

Алсак, согушта Ысык-Көл облусунда туулган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев каза болгон. Ал аскердик кызматка 2021-жылдын күзүндө чакыртылган.

Андан тышкары, орус аскерлеринин катарында Украинага каршы согушта Рустам Зарифулин набыт болгон. Ал Кара-Балта шаарында жерге берилген.

Ошондой эле 20 жаштагы Исламжон Камилов каза тапкан. Маркум кичи мекени Кара-Дыйкан айылында акыркы сапарга узатылган.