Ташиев Икрамовго: «Ата-Журт Кыргызстанга» таш ыргытпастан, өзүңүздүн жумушуңузду кылыңыз

Парламенттин 2-июндагы отурумунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Тазабек Икрамовду «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына таш ыргытпоого чакырды. Андан сырткары, атайын кызматтын башчысы депутатты парламенттик шайлоонун алдында партия катарына кошпогонун эске салды.

«Урматтуу Тазабек Икрамович, биринчиден милдеттүүмүн, жооптуумун дегениңиз туура. Конституцияда да жазылган, сиз депутат болуп шайлангандан кийин милдеттүү түрдө элдин проблемасын көтөрүшүңүз керек. Айтып жатпайсызбы, мен "Ата-Журттан" шайланган эмесмин деп. "Ата-Журт" партиясы кошкондо шайланмаксыз. Ал партия сизди кошкон жок, туурабы?» — деп эске салды Ташиев.

Ага чейин депутат Тазабек Икрамов Сузактагы селден жабыркаган адамдарга көңүл айтып, эмне үчүн сел жүргөндөн кийин Барпы айылына бара албай калганын иш сапарда болуп калганы менен түшүндүргөн.

«Мен деле ошол жерге барып элдин көйгөйүн айтмакмын, кетмен кармап, шыпыргы кармап сүрөткө түшмөкмүн. Айтып кете турган нерсе мен Сузак районунан шайланып келген депутатмын. Сузактын көйгөйүн айтканга укуктуумун. Камчы аке, мен сизди сыйлаймын. Бирок мен Ата-Журт партиясынан келген жокмун. Парламентке эл сыйлап, шайлап келген депутатмын. Ошондуктан элдин үнүн мен ар дайым көтөрө алам», — деген депутат.

Андан кийин Ташиев эл өкүлүнө «жакшы иштеп жатканыңызды көргөн жокмун» деп белгиледи.

4-майга караган түнү Сузак районунун бир нече айыл өкмөтүн сел каптаган. ӨКМ жалпысынан 600дөн ашуун турак үйгө сел суулары киргенин билдирген. Жаратылыш кырсыгынан кийин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Айбек Маткеримов менен Шайырбек Ташиев жерине барып, селдин кесепетин жоюуга жардам берип жатышканын маалымдашкан.

Бул тууралуу социалдык тармактарга сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн. Май айынын аягында Камчыбек Ташиев өзү да Сузакка барып, Барпы айыл өкмөтүнүн эли менен жолуккан. Анда селден жабыркагандарга акчалай кенемте төлөнөрүн айткан. Барпы — Ташиевдердин жана Маткеримовдун кичи мекени.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Камчыбек Ташиев

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген маалыматтар тараган. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган. Ал эми Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылы депутат болгон.

Ошондой эле, Маткеримов 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин коюп, мандат алган. Кийинчерээк мандатып тапшырып берген. Бирок шайлоо маалында Камчыбек Ташиев уулуна ийгилик каалаган.

Ал эми 2021-жылы парламенттик шайлоо мезгилинде Жалал-Абад бир мандаттуу округунан шайланып келген Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев, кийин, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын катарына кошулган.

2022-жылдын 23-январдагы басма сөз жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан.

Мындай билдирүүнү ал Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасаган.

Анткен менен беш ай өтсө да Шайырбек Ташиев мандатын тапшырган жок. Мунун себебин шайлоочулары каршы болуп жатканы менен негиздеген.