Temirov Live: Кызматкерибиздин интимдик видеосун соцтүйүндө тараткан киши табылды

Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери редакциянын кызматкерин видеого тартып, соцтүйүндөргө тараткан кишинин өздүгүн аныкташты. Бул тууралуу журналист Болот Темиров Телеграм каналында маалымдады.

Буга чейин соцтүйүндөрдөрдө атайын кызматтын секс-шантажынын курмандыгы болгон Temirov Live редакциясында иштеген кыздын интимдик мүнөздөгү видеосу пайда болгон.

Темировдун командасында иштеген кыз спорт залда бир жигит менен таанышып калат. Бара-бара алардын ортосунда жакын мамиле пайда болгон.

Кийинчерээк укук коргоо органдарындагы булак аталган жигит атайын кызматта, УКМКда иштерин билдирген. Кыз жигит романтикалуу мамиледе жүргөндө экөөнүн интимдик видеосу жашыруун камерага тартып алынган. Андан кийин өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган бир нече киши кыздан Темировдун иликтөөлөрү тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, эгер баш тартса турмушун талкалап, ата-энесинин кадыр-баркын түшүрөбүз деп коркутушкан.

«Бизге ал Бексултан деген жигит экенин тастыкташты. Ал №60 мектепти аяктаптыр. 1993-жылы туулган экен. Бул видеону тартып туруп интернетке чыгарып салган жанагы Дон Жуан экен. Анын биздин командага карата иштери арбын, акмак, кылмышкер деп атоого татыктуу. Биз бул жигит тууралуу бардык маалыматтарды билишибиз керек!» — деп жазды Темиров.

Болот Темиров бөлүшкөн сүрөт.

«Клооптун» редакциясы Улуттук коомсуздук мамлекеттик комитетине кайрылды, бирок жооп алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Temirov Live’дын иликтөөчүлөрү 1-июнда иликтөө жарыялап, материалда аталган жаранды эскерип, кыргызстандыктардан аны таанып берүүнү суранышкан.

Журналисттер жогорудагы жаран УКМКнын 5-бөлүмүндө иштей турганын, аты Бексултан болушу мүмкүн деп болжошкон. Алар бул жигит Temirov Live’дын кызматкеринин жеке жашоосун ачыкка чыгарууга, коркутууларга жана Темировдун паспортуна байланыштуу иш боюнча далилдерди жасалмалоого тиешеси бар болушу мүмкүн деп белгилешкен.

Мындан тышкары, журналисттер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизат салып коюуга мүмкүнчүлүгү болгон спецназдын өздүгү аныкталганын билдиришкен. Иликтөөчүлөр 22-январь күнү Temirov Live’дын кеңсесин тинтүү маалында баңгизатты Бишкек ШИИБдин атайын багыттагы бөлүгүнүн командири Данияр Байгазиев салып койгон болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Буга чейин УКМК Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттерин кодулоого атайын кызматтын тиешеси бар деген божомолдорду четке каккан. Алар соцтүйүндөргө тарап кеткен видеолорго атайын кызматтын кызматкерлеринин «эч кандай тиешеси жокутугун» белгилешкен.

«Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, “катуу сөздөрдү, эпитеттерди” айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат», — деп комментарий берген УКМКнын басма сөз кызматы.

Temirov Live’дын журналисттерине карата басым

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Temirov Live командасы Кыргызстандын жогорку бийлик органдарындагы коррупцияларды иликтешет.

Январдын аягында редакциянын кеңсесине Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы бастырып кирип, тинтүү жүргүзүшкөн.

Алар кеңсеге «баарың жерге жаткыла» деген буйрукту айтып кирип келишкен. Эки милиционер башкы редактор Болот Темировдун жонуна минип, кайра тургузуп чөнтөгүн кактырышкан. Чөнтөктөн чыгарылган буюмдардын арасында кичинекей түйүнчөк болгон. Милиционерлер түйүнчөктө марихуана бар экенин билдирип, кеңседеги компьютерлерди конфискациялап, журналисттин колун толгоп алып кетишкен.

Темиров өзү баңгизат салынган баштыкты ага укук коргоо органдандары «салып коюшканын» айткан. Ошол эле күнү жасалган тест анын канында жана заарасында «баңгизат жок» деген жыйынтык чыгарган. Кийинки күнү журналистти эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарышкан. Анда Темировго карата баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренеси менен айып тагылган, кийинчерээк ал баңгизатын мыйзамсыз даярдоо беренесине алмаштырылган.

Темиров «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы чыгарган мазутту экспорттоодогу күмөндүү схемалар боюнча иликтөө чыгаргандан кийин кармалып, Temirov Live’дын кеңсеси тинтүүгө алынган. Журналисттердин айтымында, аталган схемаларга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташевдин туугандарынын тиешеси бар болушу мүмкүн.

Иликтөө чыккандан кийин Temirov Live’дын командасы соцтүйүндө көкүтүүгө кабылган. «Клооп», OCCRP жана «Азаттыктын» журналисттери иликтөөсүндө Temirov Live’дын командасын өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган жана иликтөөчү журналисттерге көкүтүүгө тиешебиз бар деген адамдар аңдыганын аныкташкан.

Тема боюнча: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Апрелде Болот Темировго карата дагы үч кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Тай-Мурас тууралуу иликтөөсүн чыгаргандан кийин белгилүү болгон. Анда Тай -Мурас Ташиев негиздөөчү катары көрсөтүлгөн «Моко Групп» компаниясы Жалал-Абад облусуна күйүүчү май жеткирүү боюнча тендерлерди ута баштаганы айтылган.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат