Баткен: Чек ара жаңжалында жарадар болгон эки аскердин абалы туруктуу экени кабарланды

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон эки аскердин абалы туруктуу экенин билдиришти.

22 жаштагы жоокердин баш сөөгү, моюну, тиш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы жабыркап мээси чайкалган. Ага операция жасалып, реанимация бөлүмүнө которулган.

Ал эми 21 жаштагы жоокер башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган. Ал нейротравма бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда экөө тең тиешелүү жардамдарды алып жатканы айтылды. Аскерлер борбор калаадагы Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

4-июнда президент Садыр Жапаров чек арадагы атышууда жарадар болгон чек арачылардан кабар алган. Мамлекет башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалаган.

Чек арадагы ок атышуу

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталган. Анын кесепетинен Каргызстандын эки аскери жаракат алганы айтылган.

Маалыматка ылайык, райондун Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган.

Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылган.

Маалыматка ылайык, саат 14:07де ок атышууну токтотуу боюнча буйрук берилгенине карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Кырдаалды турукташтыруу максатында жерине Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкамалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барган. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жерине атайын учакта барып чек арачыларды алып келген. 4-июнда абал турукташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болду, бирөөнүн абалы оор

Чек арадагы жаңжалда жарадар болгон эки аскер Бишкекке алып келинди

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон аскерлерден кабар алды