«Бычак менен коркуткан». Талас ОИИБдин кызматкери аялын сабоого шектелүүдө

Талас ОИИБдин кызматкери аялын сабоого жана «өлтүрөм» деп коркутууга шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал күйөөсү батирине балкондон кирип келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залал келтиргенин айткан. Ошондой эле бычак менен коркутуп, Таласка баруусун талап кылганын билдирген.

Анын айтымында, милиционер улуу баласын алып «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка кетип калган. Кийинчерээк ал баланы аялына кайтарып берип, өзү качып кеткен.

РИИБден учурда милиция кызматкери изделип жатканын билдиришти. Тергөө иштери уланып жатат.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталып жатат. ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган — бул 2020-жылга салыштырмаалуу 12%га көп.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Тема боюнча:

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

«Аксакал келинине болушкан». Нарындын тургуну атасынын өлүмүнө шектелип кармалды