Бир кадр менен: Саясат талдоочу Марат Казакпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты

12-июнда Бишкекте саясат талдоочу Марат Казакпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошууга 100гө чукул адам келген.

Казакпаев «Ала-Тоо» айлында жерге берилери маалым.

Саясат талдоочу 10-июнда көз жумганы белгилүү.

Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакбаев комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген. Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы белгилүү болгон. Эртеси күнү өзүнө келбей көз жумган.

Атайын кызмат ал ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин белгилешкен.

Маалыматка ылайык, 9-марттан тарта Казакпаевге карата кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралып, ал сот процесстерине катышып жаткан.

Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов «туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү туурулуу арыз жазууга ниеттенип жатам» деп билдирген.

Башкы прокуратура саясат таануучунун өлүмүнүн себебин териштире баштады.

Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева жолдошу абакта коркутууларга кабылганын билдирген.

«Азыр кол коюп бербесең “чёрныйларга” алып барабыз, сени зордуктайт, шылдыңдап сабашат деп коркутушкан. Анан ак кагазды алдына коюп, көзүнө жогорку вольттук жарыкты такап кол кой деп кыйнашкан. Ошонун натыжасында мээсине кан куюлуп жатпайбы. Анан ал кагазга адвокат жок эле “күнөмдү мойнума алам” деп жаздыртып алышкан», — деген маркумдун жубайы.