Баткен: 16 килограммдан ашуун маңзат ташып бара жаткан ооган жараны кармалды

Европага жана Орусияга ири өлчөмдөгү баңгизат ташып бара жаткан Ооганстандын 42 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Чет элдикти кармаган учурда жанынан 6 кг 942 грамм героин жана 9 кг 550 грамм гашиш табылган.

Облустук милиция жарандын өздүгүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаганы белгилүү болгонун кошумчалады.

Аталган факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Шектүү Баткен облусунун Кадамжай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Баткен ОИИБдин кызматкерлери Тажикстандан аткезчилик жол менен 30 кг баңгизат алып чыгып, Кадамжай районунда таратууну көздөгөн үч кишини кармаган. Шектүүлөрдүн экөө милиция кызматкери болушкан.

ЖМКлардын маалыматына караганда, кармалгандардын бири Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча жетекчиси.

Андан кийин 9-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң — Автодорожный» өткөрмө пунктунда Казакстан аркылуу Орусияга 24 кг баңгизат алып чыгууну көздөгөн киши кармалган.

Ал эми Баткен ОИИБден шектүү Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну болгонун кабарлашты. Баңгизаттар шектүү башкарган DAF XF510 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда табылган.