«Токтогулдагы» суунун көлөмү көбөйүп, 11 млрд метр кубду түздү

Токтогул суу сактагычында 1-апрелден тартып суунун көлөмү акырындап көбөйүп жатканы байкалууда. «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 13-июнга карата суунун көлөмү 11,069 млрд метр кубду түздү.

«Электр станциялар» ишканасынан билдиришкендей,суунун орточо суткалык агып кирүүсү секундуна 1068 метр кубду, чыгымы — 387 кубду түздү.

Суу сактагычка жалпы 19,5 млрд метр куб суу батат, ал эми эң аз дегенде 5 млрд метр куб болушу керек. Мындай минималдуу көлөм «өлүк деңгээл» болуп эсептелет.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров мартта Токтогул ГЭСине иш сапары менен барып, 1-апрелге карай 8 млрд метр кубдан кем эмес көлөмгө чыгуу тапшырмасын берген.

Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атап жатат. Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып гана чыгарын айткан.

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учураган. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атаган.

Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болуп жаткан.

Тема боюнча: Жазында «Токтогулдагы» суунун көлөмү 7 млрд метр кубга төмөндөй турганы айтылды

Кыргыз бийлиги энергетикалык кризистин шартында күз-кыш жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттой баштаган. Республика Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын алмашуу жолу менен алса, Түркмөнстандан импорттоп алган. Мындан тышкары, бийлик Орусиядан да электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.

Мындан сырткары, энергокомпаниялар электр энергиясын пайдалануу кубаттуулугуна чектөөлөрдү киргизип, кээ бир райондордо электр жылыткычтарын пломбалаган.

Дагы окуңуз: Энергетика минстрлиги: Өлкө электр энергиясын быйыл да коңшу мамлекеттерден импорттойт

Свет же нан. Кыргызстанда электр жарыгы тартыш, бирок элдин аны сатып алганга акчасы жок