Камчыбек Ташиев: Бакиевдерди эч ким реабилитациялоого аракет кылган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев азыркы бийлик кулатылган президент Курманбек Бакиевди реабилитация кылууга аркет кылган жок деп билдирди. Бул тууралуу Ташиев «Новые лица» басылмасына курган маегинде айтты.

Ташиев Бакиевдерди «бир гана эл өзү качандыр бир күнү кабыл алышы мүмкүн» деп эсептейт.

«Бийлик Бакиев, Атамбаев, Акаев же Жээнбековдорду, дагы ким.. Отунбаеваны реабилитация кылайын деген жок. Биз бир эле саясий күч менен же саясий клан менен иштешкен жокпуз. Андай жок! Бизде элдин гана кызыкчылыгы турат. Мен дагы бир жолу айтам, эстеп калгыла! Бакиевдерди, дагы бир жолу айтайын, эстеп калгыла, азыркы бийлик реабилитация кылууга аракет кылган жок! Мындайды бир да бийлик кылбайт! Аны кылса, качандыр бир кезде, эл өзү гана кыла алат», — деди атайын кызматтын башчысы.

Бозгун президент Курманбек Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн реабилитациялоо тууралуу кептер бийликке Саыр Жапаровдун келиши менен айтыла баштаган. Алар реабилитацияланышы мүмкүн делген сөздөр ар башка саясатчылар менен активисттер тарабынан айтылып жүргөн.

Мындай билдирүүлөрдүн айтылышына түрдүү мамлекеттик түзүмдөргө Бакиевдердин кадрларынын келиши себеп болгон. Мисалы, Бакиевдердин кадрларынын мамлекеттик кызматтарга кайтып жатканы тууралуу экс-президент Роза Отунбаева мындай деген: «Азыр Бакиевдердин кишилери кызматтарга кайтып жатышат. Журналисттерди куугунтуктап, өлтүргөн кишилер коопсуздук органдарында жогорку кызматтарды ээлеп жатышат. Кайда карабайлы, бардык жерде Бакиевдердин кадрлары».

Кезектеги жолу мындай кептер өлкөгө Алексей Ширшов кайтып келгенде дагы айтылган. Ширшов Бакиевдин тушунда энергетикалык тармакта түзүлгөн коррупциялык схемалардын автору деп айтылып жүрөт.

Анткен менен азыркы бийлик бул сыяктуу билдирүүлөр айтылары менен дароо төгүнгө чыгарат. Акыркы жолу президент Садыр Жапаров ал Бакиевди «актаганы» жатат делген маалыматтарды «ушак» деп атаган.

Жапаровдун пикиринде ушактарды «айрым чагымчылдар» таратып жатат.

Курманбек Бакиев бийликтен 2010-жылы 7-апрелде элдик толкундоолордун натыйжасында кулатылган. Анда 80ден ашык киши каза тапкан. Бакиевдин ордуна бийликке Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт келген. Ал эми Бакиев үй-бүлөсү менен Белоруска качып, азыркыга чейин үй-бүлөсү аталган өлкөдө жашап келет, ал түгүл Белорустун жарандыгын да алган.

2016-жылы сот Бакиевди 7-апрель окуялары жана дагы башка кылмыштары үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү да түрдүү мөөнөттөргө сыртынан кесилишкен.