Жапаров: Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдарга көңүл бурбай эле койгула

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде өлкөнүн экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевди «актоого» аракет кылып жатканы тууралуу «ушактарга» комментарий берди.

Жапаров ушактарды «айрым чагымчылдар» таратып жатат деп эсептейт.

«Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту», — деди президент.

Бакиевдер кайтып келет деген ушак-айыңдар

Садыр Жапаров бийликке келери менен түрдүү саясатчылар жана активисттер бийлик тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсүн өлкөгө кайтарып келүүнү пландап же каалап жатат деп бир нече жолу божомол кылышкан. Мындай билдирүүлөрдүн себептеринин бири бакиевдердин кадрларынын бийликке келиши болгон.

«Азыр Бакиевдин кишилери кайтып келип жатат. Журналисттерди сабап, өлтүргөндөр коопсуздук органдарында жогорку кызматтарды ээлеп калышты. Кайсыл жерди караба, бардык жерде “бакиевчил” кадрлар», — деп айткан экс-президент Роза Отунбаева 2020-жылдын ноябрь айында.

Ушундай билдирүүлөр энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын автору делген Алексей Ширшовдун өлкөгө кайтып келиши менен кайрадан айтыла баштады.

Алексей Ширшов энергетика тармагындагы «коррупциялык схеманын автору» деп аталып келет. Ал Максим Бакиевдин эң жакын досу болуп эсептелет. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Ширшов өлкөдөн качып чыгып кеткен. Ага сыртынан айып тагылып, эл аралык издөөгө берилген.

Сүрөттө солдон оңго: Алексей Ширшов, Максим Бакиев, оң бурчта — Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген Санжар Сапарбеков.

2022-жылдын 10-майында УКМК Ширшовду коррупцияга шектеп кармаган, бирок ошол эле күнү УКМКнын өзүнүн өтүнүчү менен ал үй камагына чыгарылган. Бул коомчулукта нааразылыктарды жараткан, ал эми «Бириккен демократиялык кыймыл» «Бакиевдерди кайратуу аракети болуп жатат» деп билдирген.

Оппозициянын билдирүүсүнө чейин Садыр Жапаров Ширшовго карата эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес деп билдирген. Бул билдирүүнү Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров төгүндөп, Ширшовго карата бир нече кылмыш иштери козголгонун айтып чыккан.

«Менин толук эсимде жок, бирок Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө — Интерполдо издөөдө жүргөн», — деген Бекназаров.

Президенттин басма сөз кызматынан «президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкканын» билдиришкен.

«Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр [...] 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деп жазган Султанбаев Фейсбук барагына.

Бакиевдин президенттиги

Курманбек Бакиев 2005-жылы Аскар Акаев тактан кулагандан кийин, март революциясынын натыйжасында бийликке келген.

2010-жылы 7-апрелде элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашык киши каза таап, Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Алардын ордуна бийликке Роза Отумбаева жетектеген Убактылуу өкмөт келген. Бакиев үй-бүлөсү менен Белоруска качкан. Мурдагы президент ал жерде азыркыга чейин үй-бүлөсү менен жашап, Белорустун жарандыгын да алган.

Курманбек Бакиевдин Белорустун жараны экенин айгинелеген паспорту. Бозгун президенттин жеке маалыматтары хаккерлик аракеттен кийин ачыкка чыгып кеткен.

2016-жылы сот Бакиевди 7-апрелб окуялары жана дагы башка кылмыштары үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү да түрдүү мөөнөттөргө сыртынан кесилишкен.

Курманбек Бакиевтин тушунда учурдагы президент Садыр Жапаров анын кеңешчиси жана коррупция менен күрөшүү комиссары болуп турган. Ал коррупциянын алдын алуу агенттигин жетектеген — бирок Бакиев өлкөнү башкарып турган учур анын уулу Максим Бакиевдин рейдерлик аракеттери, авторитаризм, журналисттерди өлтүрүү жана коркутуулар менен белгилүү.


Тема боюнча окуңуз: Бириккен демократиялык кыймылы «Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери» болуп жатканын айтты