Камчыбек Ташиев: Туугандарымды камайм деп коркутам

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Новые лица» басылмасына курган маегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышына комментарий берди.

Ташиев Бейшаналиевге карата кылмыш иштерин УКМК эмес, Башкы прокуратура козгогонун белгиледи.

«Материалдын баары аларда. Бирок мен дагы бир нерсени айтып коёюн — жазасыздык ого бетер жаман абалды жаратат. Ошондуктан биз жоопкерчилигибизди сезебиз», — деди ал.

Атайын кызматтын төрагасы өзү сыяктуу эле ар бир чиновник мыйзамдан коркуп, аны сыйлашы керектигин дагы кошумчалады.

«Мен, мисалы, мыйзамдан корком. Эч кимден коркпойм, мыйзамдан гана корком. Ар бир мамлекеттик чиновник мыйзамдан коркуп сыйлашы керек. Ошондуктан, эгер мыйзам сакталбаса, ал ким экенине карабастан — президенттин адамы болобу, төраганын адамы болобу, кимдир бирөөнүн тууганы болобу, бул аны сактап калбайт», — деди ал.

УКМКнын башчысы адамдар «президент, төрага же башкалар» менен тааныштыгым бар деп үмүттөнбөшү керек деп эсептейт.

«Туугандарымдын баарын “Силерди биринчи камайм! Туугандарым мыйзамды бузса алардын бирин түрмөгө отургузсам, өзүмө жакшы болот!” деп коркутам. Аларды ушинтип коркутам. Анткени мыйзамдан мен эле эмес, баары коркушу керек», — деди Ташиев.

Бейшеналиевдин кармалышы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир иш «Коррупция» беренеси менен, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө — «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү» беренелери менен козголгон.

Эртеси күнү 3-июнда Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн кошумчалаган.

«Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар», — деген ал.

Ошол эле кезде президент тергөөгө эч ким тоскоолдук кылбасын, комиссия ага материалдарды топтоп берерин белгилеген.

Буга чейин Жапаров бир нече жолу Бейшеналиевди колдоп, ал «сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи» деп сыпаттаган.

«Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деген президент.

4-июнда Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө аяктаганча кызматынан бошоткон.