Ош шаардык кеңеш: «Ата-Журт Кыргызстандын» 3 депутаты мандатын тапшырды

Раида Мирзаева, Эмилбек Раимов жана Эльмира Шатманова Сүрөт: Turmush

«Ата-Журт Кыргызстандын» үч жана «Биздин Кыргызстан» партиясынын бир депутаты 15-июнда мандатын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков кезектеги жыйында билдирди.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан «Сладкий день» ЖЧКсынын жетекчиси Айгүл Караева, окутуучу Уларкан Акматова жана № 3 муниципалдык аймактын мурдагы төрагасы Бактыяр Турсунбаев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Караеванын ордуна Эльмира Шатманова, Уларкан Акматованын ордуна Раида Мирзаева келди.

Ошондой эле «Биздин Кыргызстан» партиясынан мандатын тапшырган Улан Каналиевдин ордуна «Кыргыз авиа новигации» мамлекеттик ишканасында иштеген Эмилбек Раимов депутат болуп дайындалды.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бактыбек Алматов «Клоопко» шаардык депутаттар мандатын өз каалоосу менен тапшырышканын айтты.

«Алардан эмне себептен арыз жазып жатасыңар, тоскоолдуктар болуп жатабы деп сурадым. Алар өз каалоосу менен арыз жазып жатышканын билдиришти. Бирөө үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, а бир депутат илимий иштерине байланыштуу болду. Дагы бир депутат мага туура келбейт экен деди. Мен баарын видеого тартып алып, БШКга жибердим», — дейт Алматов.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөн. Анда «Ата-Журт Кыргызстан» 19, «Биздин Кыргызстан» 15, «Улуттар биримдиги» 7 жана «Бир Бол» партиясы 4 мандат алган.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан»

«Ата-Журт Кыргызстан» Ош шаардык кеңешке шайлоого экинчи жолу катышып жатат. Аталган партия 11-апрелдеги шайлоодо Ош шаардык кеңештин дээрлик жарым мандатына ээ болгон. Ал эми шайлоо өнөктүгү маалында партия админресурс колдонууга айыпталган.

Апрелдеги шайлоодон кийин Ош шаарында бир нече митинг өткөн. Анда башка партиянын талапкерлери кайра шайлоо дайындоону талап кылышкан.

«Ата-Журт Кыргызстан» УКМК төрагасы жана президенттин жакын досу Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени айтылат. Мисалы, 11-апрелдеги Жалал-Абад шаардык кеңешине УКМКнын башчысынын уулу Тай-Мурас Ташиев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып мандат алган.

«Биздин Кыргызстан» партиясын депутат Айбек Осмонов жетектейт — ал «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларынын да негиздөөчүсү.

Осмонов Матраимовдорго «Мекеним Кыргызстан» партиясын тарттырып жибергени айтылып келет. Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясынан чыккан. Буга Матраимовдордун «басымы» себеп болгону кабарланган.

Кийин Осмонов «Биздин Кыргызстан» партиясын түзүп, 2021-жылдагы өткөн шаардык кеңешке шайлоого катышкан. Бирок партия добуш сатып алууга айыпталганда, Айбек Осмонов БШКны сотко берип утуп алган.