Депутат Сурабалдиева Атазовдун аялдардын укугун чектөө демилгесин «популисттик чечим» деп атады

Депутат Элвира Сурабалдиева Govori TV’нын журналисттерине берген интервьюсунда Шайлообек Атазовду кесиптеши катары сыйларын, бирок анын 18-20 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салыш керек деген демилгесин колдобой турганын айтты.

«Биздин коллегалар гендер, зордук-зомбулук маселесин көтөргөндө эмнегедир аялдарды күнөөлөшөт да, аял ошол нерсеге жеткирди, аял күнөөлүү деп. Эмне үчүн токмоктогон эркектерди сынга алышпайт? Эмнеге ошого жеткирген эркектерибизди сынга алышпайт? Мен айым катары, 20 жаштагы кыздарыбызды сыртка чыгарууга тыюуга каршымын, бул популисттик чечим. Бул мындай бир элге жагынам деген чечим», — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле Сурабалдиева интервьюсунда жакында эле диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, ал жерде кеп кыздар жөнүндө эмес, балдар тууралуу болгонун айтты. Диаспоралардын өкүлдөрү Кыргызстандан Орусияга барып жаткан балдарды тарбиялоону суранышкан.

«Бул жерде милиция менен ызы-чуу болуп жатышат. Мушташтар болуп жатат [дешти]. Кыздарыбыз болобу, уулдарыбыз болобу жалпы адамдардын укуктарын чектебеш керек. Бизде мамлекет тарабынан билим алууга, жумуш менен камсыз кылууга толук шарт түзүлүп берген болсо башка маселе. Азыр кыздарыбыз да уулдарыбыз да жакшы турмуштан сыртка мигрант болуп жатышкан жок», — деп айтты ал.

Сурабалдиевадан тышкары, Атазовдун демилгесин соцтүйүн колдонуучулары дагы сынга алышкан. Ал эми 15-июнда активисттер депутаттын демилгесине каршы Ак үйдүн алдына митингге чыгып, аялдырдын укугун камсыздоону, анын ичинде депутаттын мандатын тапшырып кетүүсүн талап кылышкан.

Мындан тышкары, митингчилер парламенттеги депутат аялдарды Кыргызстандагы аялдардын үнү болуп берүүгө жана аялдарды дискриминация кылган депутаттардын мыйзам долбоорлоруна каршы турууга үндөшкөн.