УКМК Равшан Жээнбековдун уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салбаганын айтты

Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев УКМК саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу – Азат Равшанды Кыргызстандан чыгарбай жатканын айтты.

«Суракка чакырыптыр УКМКдан. Атасы айтат, NextTV телеканалына байланыштуу иш боюнча күбө катары чакырылды, бирок анын эч кандай тиешеси жок дейт да. Америкада жашайт экен, Америкада окуйт экен. Анан ошол балага “кызыл желек” коюп коюптур да. Эми аны чечип койсо деле болот да. Анын күнөөсү эмне мисалы? Бала атасы үчүн жооп бербейт да?» — деди Атамбаев.

Кийинчерээк УКМК Атамбаевдин айткандары «чындыкка коошпойт» деген маалыматты таратты.

«Азат Равшандын Кыргыз Республиканын чегинен чыгуу жана эркин жүрүү боюнча конституциялык укугу УКМК тарабынан чектелген эмес», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Бирок оппозиционер Равшан Жээнбеков «Клооптун» журналисттерине курган маегинде УКМКнын маалыматын четке какты. Анын айтымында, атайын кызмат маалыматты манипуляциялап жатат.

Жээнбековдун уулу Азат буга чейин атасы ээлик кылган Next TV телеканалынын иши боюнча УКМКнын сурагына кирип чыккан. Кийин ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон.

3-мартта УКМК Next TV телеканалына карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Атайын кызмат Next TV каналы соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан» деп эсептейт. Журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан.

Бул иш боюнча телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев кармалган. Сот анын бөгөт чарасын бир нече жолу узарткан. Акыркы жолу баш коргоо чарасы 2022-жылдын 3-июлуна чейин узартылган.