Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-июлга чейин камакта калтырылды

Таалай Дүйшөнбиев. Сүрөт: Равшан Жээнбековдун Фейсбук барагы.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-майда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин абакта кармоо мөөнөтүн бир айга узартты. Бул тууралуу саясатчы, телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков Фейсбук барагына жазып чыкты.

«Бийликтен көз каранды сот Нурдин Ибраимов эч күнөөсүз Дүйшөнбиевди дагы бир айга камакта калтырды», — деп жазды саясатчы.

Бул маалыматты «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова тастыктады. Момунованын айтымында, Дүйшөнбиев 3-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсунда камакта болот.

«Башкы прокуратура 27-майда тергөө мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан, ошонун негизинде тергөө органдары тарабынан сотко өтүнүч келтирилген. Ошонун негизинде сот да камакка алуу мөөнөтүн узартты», — деп белгиледи Момунова.

Дүйшөнбиевдиин кармалышы

Next TV телеканалынын директору УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Сөз «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу болууда, материал телеканалдын социалдык тармактарына жарыяланган.

Ал эми Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

Андан соң прокуратура соттон Next TV телеканалынын Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянып жарыялаган материалын экстремисттик деп табууну суранган.

Андан тышкары, көзөмөл органынан телеканалдын эфирге чыгуусун токтотуп, материалдарын башка ЖМКларга жарыялоого тыюу салууну суранышкан.

Ал эми медиа коомчулук Дүйшөнбиев незизсиз камалган жана бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы деп эсептейт.

Дүйшөнбиевди акыйкатчы Атыр Абдрахматова да колдоого алган. Ал УКМКны Конституцияда кепилденген ЖМК эркиндигин урматтоого чакырган.

Телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков кызматкерлерине куугунтук көрсөтүүнүн ордуна өзүн камоону сунуштаган.

Тема боюнча:

Сот Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди абакта калтырды