Жыл башынан бери мугалимдин окуучуга карата эки зомбулук учуру катталганы айтылды

Жыл башынан бери окуучуларга карата күч колдонгону үчүн бир дагы мугалим жоопко тартылган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 16-июндагы отурумунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жыйында мугалимди сыйлабаган окуучуларды жана алардын ата-энелерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жаткан.

Жыйын учурунда депутат Таалайбек Масабиров окуучуга зомбулук колдонулгандан кийин канча мугалим иштен алынганын сурады.

Буга Жусупбекова быйыл андай эки учур катталганын, алардын бири коомдук резонанс жараткан Сузак районундагы окуя экенин айтты.

«Бизде ушул окуу жылында, эки ушундай учур катталды. Акыркы учурду сиздер да билесиздер, бул Сузак районундагы Бөкөнбаев мектебинде [болгон]. Азыр ал мугалим эмгек өргүүсүндө, дарыланып дагы жатат. Ал эмоционалдык, психологиялык жактан абдан оор жабыркаптыр. Буга чейин дагы бир учур катталган, бирок ал жерде териштирүү жүрүп жатат. Дене трабия сабагы учурунда баланын бутуна топ тийип кетти деген окуя, Ысык-Көл облусунда болгон», — деди Жусупбекова.

Мектеп окуучуларына карата зомбулук

Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулардын ортосунда жаңжалдар байма-бай чыгып турат. Акыркы жолу мындай окуя 23-майда Сузак районунда болгон. Анда мугалим окуучуну сабаганы белгилүү болгон.

Окуянын видеосу соцтүйүндөргө тарап кеткен. Андан кийин милиция менен Билим берүү министрлиги териштирүү иштерин баштаган.

Буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да пикирин билдирген. Ал мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айтып, мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.

Мугалим өзү окуучу сабак башталганда телефонго алаксыгандан кийин, кайым айтышуу болгондон соң кол көтөргөнүн айткан. Ошол эле кезде мугалим туура эмес кылганын мойнуна алган.

Аны менен катар жумуштан өз эрки менен кеткенин да кошумчалаган. Бирок кийинчерээк мугалим жумушунда иштей турганы белгилүү болгон — райондук билим берүү бөлүмү мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов педагогго түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөнүн билдирген. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майда кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталганын билдирген.

Ошондой эле Абдрахматова окуучу кыздын педагог тарабынан сабалышы Конституцияны, Балдар жөнүндөгү кодексти, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды, «Адамдын бедели жөнүндөгү» жана БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясын бузат деп белгилеген.

Окуядан кийин Жогорку Кеңештин үч депутаты Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимди кемсинткен окуучунун өзүнө жана алардын ата-энелерине айып пул салууну сунушташкан. Бул мыйзам долбоорду парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында биринчи окууда жакытырылып, кабыл алынган.

Демилгени депутаттар Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана Улан Бакасов (парламенттин сайтында демилгечи катары көрсөтүлгөн эмес) сунушташкан. Мыйзам долбоору коомдук талкууга 22-февралда чыгарылган.

Демилгечилер документ «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыкканын белгилешкен.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, а түгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылган.

Тема боюнча окуңуз: Парламентте мугалимди «сыйлабаган» окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу сунушталды