«Эгемендик бир партиянын менчиги эмес». УКМК партияларды чагымчыл ойлорду айтуудан оолак болууга чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети russkie.org сайтына жарыяланган материал боюнча билдирүү жасады.

25-майда russkie.org сайтында «Донбасска көрсөтүлгөн гуманитардык жардам бардык улуттарды бириктирди» деген макала жарыяланган. Анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасстагы жашоочуларга гуманитардык жардам жеткиргени тууралуу айтылган.

Макалада орус басылмасы «Русский Мирге» Динара Чолпонова аттуу айымдын интервьюсунан алынган цитата жазылган. УКМК активисттин «жөнөкөй жарандардын Орусиянын бир бөлүгү болгусу келип жатат» деген сөзүнө көңүл бурган.

«Жөнөкөй адамдар: “Путин Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алса болмок” деп айтып жатышат. Анткени Орусиянын президенти өз элине кам көрүп жатат. Ал эми Орусияда орустар эле эмес, сибирлик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн эл тынч жашап жатышат. Анткени бул жер алардын үйү», — деген цитатаны орус басылмасы Чолпонова айтты деп жазган.

УКМК мындай өңүттөгү билдирүү Кыргыз бийлигинин расмий позициясына жана бүтүндөй Кыргызстандын элинин пикирине каршы турат деп эсептейт.

«Көз карандысыздык бир партиянын менчиги эмес. Ал бүтүндөй кыргыз элинин жетишкендиги. УКМК айрым саясий партиялардын жана уюмдардын мүчөлөрүн өлкөнүн Конституциясына зыян келтире турган чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Партия өзү жана лидери Адахан Мадумаров орусиялык сайтта жарыяланган материал жана УКМКнын билдирүүсү тууралуу үн каткан жок. Маалыматты тастыктап же төгүндөшкөн жок.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин, Кыргызстан бейтарап позицияны кармап келет жана согушуп жаткан тараптардын бирин да ачык колдобойт.

Ошол эле учурда бийлик 9-май Жеңиш күнүнүн урматына салтка айланган аскердик парадды өткөрүүдөн баш тартып, УКМК жарандарды аскердик форма жана Орусиянын Украинага бастырып киришинин символу болуп калган Z белгиси түшүрүлгөн кийимдердии кийбөөгө чакырган. Ошондой эле аталган белги чапталган унаалардын ээлерине транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча айып салына баштаган.

24-февралда Орусиянын аскерели Украинага бастырып кирген. Орусиянын бийлиги ЖМКга кол салуусун «согуш» деп атоого тыюу салып, аны «атайын операция» деп аташкан. Дүйнө жүзү боюнча, анын арасында Орусияда дагы дагы согушка каршы митингдер өтүп жатат. Бирок орус бийлиги митингге чыккандарга күч колдонуп тасууга аракет кылууда.

Автору: Лев Потапов