Бишкектин түштүк тарабында «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине жаңы кеңсе курулат

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине кеңсе куруу үчүн Бишкектин түштүк бөлүгүнөн жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бир жылдын ичинде жаңы кеңсени куруп бүтүп, көчүп кирүү тапшырмасы коюлду», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Султанбаев холдинг Панфилов көчөсү 178 дарегиндеги 5 миң чарчы метр аянтты ээлеген кеңседе убактылуу иштей турганын билдирди. Мамлекеттик компаниянын бул дарекке көчүп барганы тууралуу 16-июнда белгилүү болгон.

Депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин жыйынында улуттук холдинг кеңсе ижарасына айына 120 миң доллар төлөп жатканын айтып чыккан.

Депутаттын билдирүүсүнө улуттук холдингден жооп берип, жаңы имаратка көчүү улуттук холдингдин кызматкерлери көбөйгөнү менен байланыштырышкан. Ошол кезде компания ижара акысын ачыктаган эмес, бирок бул кеңсенин пайдасына «ижара акысынын орточо рыноктук баасы менен шартталганын» белгилеп жана «компания эң төмөнкү баасын тандап алганын» белгилеген.

«Кеңседен көчүү маселеси буга чейинки ижара ээси кошумча кеңсе аянттары менен камсыз кылып бере албагандыктан жана учурдагы убакытка жана компаниянын талаптарына ылайык кызмат көрсөтө албагандыктан келип чыккан. Жаңы кеңсе [...] КГКнын керектүү штатын жана холдингдин долбоорлорун жайгаштыра алат», — деп билдиришкен холдингдин басма сөз кызматынан.

Мекемеден «жаңы кеңсеге көчүү бюджет түзүүчү ишкананын чыгымдарын аябай деле көбөйтпөйт, тескерисинче, натыйжалуулугу менен кайтарымдуулугун жакшыртат» деп ишендиришкен.

Султанбаевдин айтымында, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жаңы кеңсеге көчүүсү боюнча чечимди Тенгиз Бөлтүрүк президент менен да, минкаб менен да макулдашкан эмес.

«Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга [мурдагы ЖКнын гаражына] көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган», — деп айтты ал.

Бөлтүрүк, холдинг жана «Кумтөр»

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлгөнү тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 14-декабрында холдинг түзүү чечимине кол койгондо белгилүү болгон.

Анда Министрлер кабинетинен улуттук холдинг президент Садыр Жапаровдун кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыгынын негизинде түзүлгөн деп түшүндүрүшкөн. Холдинг Кыргызстандагы бардык стратегиялык кендерди бириктириши керек, аларды жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетишет.

Тенгиз Бөлтүрүк. Сүрөт: Президенттин сайтынан.

Теңгиз Бөлтүрүк — «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин башчысы, Кумтөр кенинин мурдагы тышкы башкаруучусу жана Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

2022-жылы апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан.

Келишимдин негизги учурларынын бири Centerra’нын туунду компаниясы — «Кумтор Голд Компани» 100% Кыргызстандын менчигине өткөнүндө болгон.

«Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды», — деп жарыялаган президент Садыр Жапаров келишимге кол коюлгандан кийин.

Тема боюнча окуңуз: Кумтөрдүн чок ортосундагы жарака: Кантип пайда болду жана канчалык кооптуу?

«Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы

Лондон бирикмеси «Кыргызалтынга» ишенимдүү жеткирүүчү макамын кайтарып берди