Башкы прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиевдин иши ИИМге өткөрүлүп берилди

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Маалыматты «Клооптун» кабарчысына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Көзөмөл органынан билдиришкендей, объективдүү тергөө максатында иш ИИМдин мекемелер аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери Алымкадыр Бейшеналиевди 2-июнда кармаган, ага карата жети кылмыш иши козголгон.

Көзөмөл органын малыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз келишим түзүү» беренелери боюнча козголгон.

4-июнда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө маалында убактылуу кызматынан четтеткен жана Жаркынбек Касымбековду саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Жапаров ошондой эле, Курманкул Зулушевди тергөө мезгилинде башкы прокурордук кызматтан убактылуу четтеткен. Президент мындай чечимди эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынганы менен түшүндүргөн.

Анткени мурдараак министр менен башкы прокурор кайым айтышып калган.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарган. Ага чейин, УКМКнын ТИЗОсунда жаткан министр ден соолугу солгундаганын айтып даттанган.

Андан кийин Жапаров Зулушевди кызматына кайтарган.