Милиция Эркиндик гүлбагынын аймагында уурдалган кызды үч күндөн бери таппай жатат

Милиция 23-июнда Эркиндик бульвары тараптан уурдалган кызды дагы деле издеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Укук коргоо органынын кызматкерлеринин айтымында, уурдалган кыздын аты жөнү дагы деле тактала элек.

Буга чейин күбөлөр белгисиз кишилер бир кызды күмүш түстүү Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаага салып кеткенин айтып чыгышкан. Алар унаанын номерин көрбөй калышкан.

«Автоунаа Эркиндик бульвары менен ылдый кетип, Жибек Жолуна кайрылды», — деген алар.

Анда Бишкектин Биринчи май РИИБи «Клоопко» аталган факты маалыматтарды каттоо журналына киргизилгенин айтышкан.

«Бишкек ШИИББ жана Чүй ОИИББдин өздүк курамына багыттама берилген, ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришкен анда мекемеден.

Аялды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо

2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттин эки комитетинин биргелешкен жыйынында айткан.

Анын айтымында, бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирген Зулушев.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар. 2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы билиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Тема боюнча окуңуз: Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!