Бишкекте манасчы Саякбай Каралаевдин элеси түшүрүлгөн мурал тартылып жатат

Жакында «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын дубалдарынын биринде манасчы Саякбай Каралаиевдин элеси түшүрүлгөн мурал пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Бишкек мэриясы.

Муниципалитеттен сүрөттү таанымал сүрөтчү Таштанбек Ибраимов Саякбай Каралаевдин небереси Алмаз Тиленовдун демөөрчүлүгү менен тартып жатканын айтышты.

Мэриядан «Бишкек жылуулук энерго» ишканасынла оңдоп-түзөө иштери, мештерди кышка даярдоо жана ишканага караштуу №5 коомдук мончону оңдоо иштерин жүзөгө ашырылып, кызматкерлер үчүн футболдук аянтча куруларын кошумчалашты.

Саякбай Каралаев — манасчы. Ал 1894-жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Ак-Өлөң айылында туулган. Мухтар Ауэзов Саякбай манасчыны «XX кылымдын Гомери» деп атаган.

Тема боюнча окуңуз: Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморовго арналган мурал пайда болду

Бир кадр менен: Бишкекте Айсулуу Тыныбековага арналган мурал пайда болду