Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 мектептин 7-классынын окуучусунун сабалышы боюнча сотко чейинки териштирүү тараптар элдешкендиктен токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
«Арыз берген тарап эч кимге дооматым жок деп тосмо арыз жазып берди», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.
Эмне болгон?
Майдын аягында соцтармактарга окуучу кызды мугалими сабап, кыйкырып жаткан видео тарап кеткен. Кийинчирээк Жалал-Абад облустук милициясынан бул окуя маалыматтарды каттоо журналына катталганын маалымдашкан.
Видео интернетке тараган соң коомчулукта ача пикир жаралып, мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. Бирок, кийинчирээк мугалимдин иш ордуна кайтып келери белгилүү болгон райондук билим берүү бөлүмү анын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес.
Буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да пикирин билдирген. Ал мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айтып, мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.
Мектеп окуучусунун апасы окуянын эртеси күнү кызынын тарамыштары тырышып, бир нече жолу кусуп, андан соң ооруканага жаткырылганын айтып берген. Ал эми сабалган окуучу мугалим аны өзүн коргогону үчүн сабап салганын билдирген. Анын айтымында, мугалим аны «сволочь» деп атап, үй-бүлөсүнө сөз тийгизген.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майда кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталганын билдирген.
Абдрахматова окуучу кыздын педагог тарабынан сабалышы Конституцияны, Балдар жөнүндөгү кодексти, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды, «Адамдын бедели жөнүндөгү» жана БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясын бузат деп белгилеген.
1-июнда Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган тынчтык митинги өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына чогулган активисттер Сузак районунда окуучу кызды сабаган мугалимди коргогон билим берүү министрин, милицияны жана депутаттарды сындап чыгышкан.
Мындан тышкары, парламенттин 1-июндагы жыйында депутат Винера Раимбачаева жабыркаган кызга окуучулар жана мугалимдер тараптан психологиялык басым болуп жатканын билдирген.
Тема боюнча окуңуз: Укук коргоочулар: Окуучуну сабаган мугалимдин үстүнөн ата-энелер мурда дагы арызданышкан