Укук коргоочулар: Окуучуну сабаган мугалимдин үстүнөн ата-энелер мурда дагы арызданышкан

Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму Сузакта окуучу кызды сабаган мугалимдин үстүнөн ата-энелер мурда деле арызданып жүргөнүн билдирди. Уюм бул тууралуу жабыркаган кыздын апасына таянып маалымдашты.

«Шайыргүл (сабалган кыздын апасы) мугалимдин үстүнөн беш ай мурда дагы ата-энелердин бири арызданганын угуптур, ал дагы мугалимди жүрүм-туруму соо эмес деп айыптаган. Анда мугалим кандайдыр бир жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Мугалимдин ачуусу чукул экенин анонимдүү түрдө кесиптештеринин бири дагы айтып берди», — деп билдиришти уюмдун юристтери.

Кыздын апасы баласы сабалганы аз келгенсип үй-бүлөсү да кыйналып жатканын айтып берген. Анын айтымында, кыздын атасы, 55 жаштагы Өмүрбек, эки жолу инсульт алгандыктан үч жылдан бери төшөктө. Ал эми 48 жаштагы Шайыргүл өзү кант диабети менен ооруйт, II топтогу майып. Юристтердин маалыматына ылайык, күйөөсү беш миң сом, аялы 2800 сом пенсия алат, бул акча ден соолукту кароого араң жетет.

Юристтер үй-бүлө башынан эки каргашаны кечиргенин, 2010-жылы 17 жаштагы кызынан (ата-энеси Орусияда эмгектенип жүргөндө асынып алган), ал эми 2015-жылы Орусияда жол кырсыгынан 18 жаштагы уулунан айрылганын билдиришти. Үй-бүлөнүн жалпы сегиз баласы болгон.

«Кызым мектептен бети-башы кызарып, бир сөйкөсү жок, келип эле жатып калды. Жолдошумду дайыма карап туруш керек, оюмдун баары күйөөмдө, ошондуктан кээ бир учурда көп нерсени байкабай калам», — деп айтып берген юристтерге Шайыргүл.

Шайыргүл мугалим алардын үй-бүлөсүн кемсинтип, кызынан «үй-бүлөңдө соо адам барбы?» деп сураганын дагы айтып берген.

Жабыркаган кыздын апасынын айтымында, педагогдун кесиптештери балдарын мектептен чыгарып, кызынын кыял-жоругу үчүн штраф салабыз деп коркута башташкан. Аялды 14 жаштагы кызын ооруканага жаткырып, акча өндүргүсү келип жатат деп дагы айыпташкан.

«Мага деле кызым мугалим менен айтышканы жаккан жок, аны мен деле туура көрбөйм, бирок мугалим эмне үчүн үй-бүлөбуздү кемсинтет? Балдарымдын баары тең бешке окушат, анан эмнеге мектептен чыгарышмак эле? Качан акча жөнүндө айтыптырмын? Мага бирөөнүн эч нерсеси кереги эмес, баарын өзүм төлөп көнгөм», — деп келтирет уюм аялдын сөздөрүн.

Сузакта окуучу кыздын сабалышы

Май айынын аягында интернетке мугалим 7-класстын окуучусун сабап, ага кыйкырып жаткан видео тараган. Жалал-Абад ОИИБнен окуя маалыматтарды каттоо журналына киргизилгенин билдирген.

Видео коомчулукту дүрбөлөңгө салып, мугалим жумуштан кетүү арызын жазганы белгилүү болгон. Бирок көп эле мугалим жумушуна кайтары белгилүү болгон — райондук билим берүү бөлүмү мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес.

Буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да пикирин билдирген. Ал мугалимдин аракети туура эмес болгонун, бирок бул окуяда балдардын тарбиясында дагы маселе бар деп айткан. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айтып, мугалим менен окуучунун ортосундагы чатакты баланы мектептен чыгаруу аркылуу чечсе болорун билдирген.

Жабырлануучунун апасы кызы сабалган күндүн эртеси мууну калчылдап, бир нече жолу кускандан кийин ооруканага жеткирилгенин айтып берген. Ал эми сабалган окуучу мугалим аны өзүн коргогону үчүн сабап салганын билдирген. Анын айтымында, мугалим аны «сволочь» деп атап, үй-бүлөсүнө сөз тийгизген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майда кызда жабык баш-сөөк жаракаты, баш мээнин чайкалуусу, баштын чачтуу бөлүгүндөгү жумшак ткандардын жабыркашы жана билегинде жана оң жак тизесинде кан уюган көгала тактар аныкталганын билдирген.

Абдрахматова окуучу кыздын педагог тарабынан сабалышы Конституцияны, Балдар жөнүндөгү кодексти, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды, «Адамдын бедели жөнүндөгү» жана БУУнун балдар укуктары боюнча Конвенциясын бузат деп белгилеген.

1-июнда Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган тынчтык митинги өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына чогулган активисттер Сузак районунда окуучу кызды сабаган мугалимди коргогон билим берүү министрин, милицияны жана депутаттарды сындап чыгышкан.

Мындан тышкары, парламенттин 1-июндагы жыйында депутат Винера Раимбачаева жабыркаган кызга окуучулар жана мугалимдер тараптан психологиялык басым болуп жатканын билдирген.