Садыр Жапаров менен Эмомоли Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

30-июнда президент Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчылары эки тараптуу мамиленин комплекстүү маселелерин талкуулап, аймактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

«Президенттер эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты», — деп жазылат пресс-релизде.

Аны менен катар Жапаров менен Рахмон алдыда боло турчу Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын консультативтик жолугушуусу маселесине да токтолушкан.

Ал эми Тажикстан президентинин басма сөз кызматы телефон менен сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси экени белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң оорчундуу көйгөйлөрдүн бири — чек ара меселеси. Аныкталбаган тилкелердеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.

Садыр Жапаров 15-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн айтып, калган 308 километрин «тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз» деген.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын тургундары менен жолугушууда чек аранын 663,7 километри макулдашылганын тастыктап, кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу эртерээк чечилүүсүнө «кызыктар экенин» айткан.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжалга бир жыл. Хронология