Жалал-Абад: Тез татымдан дагы бир массалык уулануу катталды

Жалал-Абад шаарындагы «Тадж-Махал» тез татымынан 13 адам ууланды. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 5 бейтап облустук ооруканада жатат. Калган 8 адам амбулатордук дарыланууда.

Аталган тамактануучу жайга 7,5 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылганы маалым болду.

30-июнда Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» тез татымынан массалык уулануу катталган. 1-июлга карата бейтаптардын саны 40ка жетти.

Учурда 28 бейтап ооруканада, 12си үй шартында дарыланып жатат. Ал эми бир кош бойлуу аялдын абалы «оор» бойдон калууда. Алардын баары тез татымдан шаурма жешкен.

Аталган жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, 7,5 миң сом айып пул салынды. Учурда териштирүү уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда шаурма жеген 22 адам уулануу белгилери менен ооруканага түштү

Бишкек: «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн тамактанган 11 киши ууланганы айтылды