Жалал-Абадда тез татымдан уулангандардын саны 40ка жетти

Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» тез татымынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда 28 бейтап ооруканада, 12си үй шартында дарыланып жатат. Ал эми бир кош бойлуу аялдын абалы «оор» бойдон калууда.

30-июнда Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» тез татымынан массалык уулануу катылган. Бейтаптардын баары шаурма жегенин айтышкан.

Мындан улам аталган жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, 7,5 миң сом айып пул салынган. Учурда териштирүү уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда шаурма жеген 22 адам уулануу белгилери менен ооруканага түштү

Бишкек: «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн тамактанган 11 киши ууланганы айтылды