Активисттер зомбулуктан жабыркаган 13 жашар кызга каражат чогулта башташты

Демилгелүү топ зомбулуктан жабыркаган 13 жашар кызга каражат чогулта баштады. Бул тууралуу алып баруучу Эркин Рыскулбеков Twitter барагында билдирди.

Рыскулбековдун айтымында, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор.

«Атасы эмгек миграциядан келген. Азыр иштебейт. Апасынын ден соолугу начарлап жатат (боору ооруйт). Кызга психологиялык да жардам керек, узак мөөнөттүү реабилитацияга муктаж. Кандай гана сумма болбосун жардам болот. Каражат “кызга” деп жазып которо бергиле», — деп жазды ал.

Реквизиттин сүрөттөрү. Сүрөт: Эркин Рыскулбеков.

13 жаштагы кыздын зордукталышы

Февралдын аягында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дерлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козгон ишти териштирүү да аяктап калган.

Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

Ошондой эле, кыздын ата-энесинин айтымында, зордуктоого шектелип жаткан милиция кызматкерлеринен коркутуулар болгон. Мындан улам башка батирге көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

Тема боюнча окуңуз: БУУ бийликти аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырды

13 жашар кыздын зордукталышы: Президент Жапаров мындай «терс көрүнүштөрдү» кескин сындайт