Муфтият Садыбакас Дооловдун айткандары шариятты бузбайт, кадыр-баркка шек келтирбейт деп тапты

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы имам Садыбакас Дооловдун соцтүйүндө талкуу жараткан билдирүүсү шариятты бузган эмес, саясатка аралашуу жок жана эч кимдин кадыр-баркына шек келтирген эмес деп тапты.

Муфтияттан Дооловдун тоюттун кымбатташы жана эттин баасынын өсүшүнө «аялдардын кийген кийими да себеп» болуп жатканы тууралуу айткандарын үч критерий менен карап чыкканын белгилешти.

«Учурда Садыбакас Доолов менен баарлашуу жүргүзүлүп, айта турган сөздүн мааниси элге толук жетпей калганы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Имамдын чуулгандуу «насааты»

6-июлда социалдык түйүндөрдө Садыбакас Дооловдун тоюттун кымбатташынан тышкары эттин баасынын өсүшүнө аялдардын кийген кийими да себеп болуп жатканын айткан видеосу тараган.

«Эт кымбаттады деп атышат. Ооба, эт кымбаттады, кымбаттайт да. Тоют кымбаттап атса, жайыт тарып атса, албетте кымбаттайт, эмнеге кымбаттабасын. Анын кымбатташына дагы бир себеп бар [...]. Качан кымбаттайт билесизби? Качан сиз жашаган аймакта аялдардын эти арзандай баштаса. Аялдардын эти арзандап, жоон санын бармагындай же колундай кылып көрсөтүп басып калса, намыска келип бир аксакал “өй бери келчи, кимдин кызысың, жап мына бул этегиңди, узартпайсыңбы, уялбайсыңбы, кандай бети жок немесиң? кимдин кызы бул” деп ата-энелерин даректештирбеген аталардын себебинен аялдардын эти арзандады. Аялдардын эти арзандаган себептүү базардагы койдун эти кымбаттады», — деген ал.

Бул соцтүйүндөрдө кызуу талкуу жана имамга карата сындарды жараткан.

Доолов өзү кийинчерээк сөзү «контекстен үзүлүп алынып, мааниси бурмаланып калганын» айткан. Ал эт кымбаттады деп айткандан мурда «ар бир адам мүнөзүн, адебин, тарбиясын таразалашы» керек деп кошумчалаган.

«Жөн эле падышага, элге, базарга шылтай бербей дегем. Эт кымбаттады дейсиңер бирок аялзатынын, апалардын, эжелердин денелери ачык жүргөндө эмнеге намыстанбайсыңар деген сөздөр бар болчу», — деген имам.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы дин кызматкери видеодо жазылган сөздөрдү эмне максатта айтканын тактоо үчүн текшерүү болорун билдирген.

Тема боюнча:

Активисттер имам Дооловдун үстүнөн УКМК жана Башкы прокуратурага арыз жазышты