Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров 9-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө башчылары эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселесин талкуулады.

Маалыматка ылайык, президенттер кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана эки тараптуу мамиленин келечеги тууралуу пикир алышты.

«Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, Түркия лидери менен анын жакындарына ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Түркиянын президенти Эрдоган дагы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктап, кыргыз элине каалоо-тилек билдирди.

Эрдоган менен Жапаровдун жолугушуусу

2021-жылдын 9-июнунда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү маселесин талкуулашкан. Эрдоган айрыкча ФЕТО уюмуна* басым жасаган.

*ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагып келет. ФЕТО Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын катарына кирбейт.

Ошол учурда Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин* негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголуп, укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан.

*2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Анда негиздөөчүлөрдүн катарына кыргыз өкмөтү кирген — азыр Билим берүү министрлиги 30% акцияга ээлик кылат.

5-июлда Эрдоган Орхан Инандыны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму атайын операциянын негизинде кармаганын билдирген. Түркиянын башчысы Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

Көп өтпөй Түркиянын соту Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып менен камакка алган. Акыркы сот отурумунда Инанды тергөө маалында берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан.

Орхан Инанды Түркияда туулган, бирок 1995-жылы Кыргызстанга келип 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири.