Тажикстандын абагында кармалып турган 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Тажикстандын чек арасын «мыйзамсыз кесип өтүүгө» айыпталып кармалган 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Коженттеги абакта кармалып келген Айдарбек Хайдаровго таянып «Азаттык» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Айдарбек Хайдаров 2021-жылдын 24-октябрь айынан бери Тажикстандын абагында кармалып турган. Ал 7-июлда абакта бирге жаткан 10 кыргызстандык менен бирге Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн айткан.

Анын атасы Умарбай Хайдаров өлкөгө кайтарылган алты киши Лейлек районунун Жаңы-Жер айылына жеткирилгенин, ал эми төртөө Бишкек шаарына жөнөтүлгөнүн белгилеген.

«Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз», — деди Хайдаров.

Үстүбуздөгү жылдын июнь айында Баткен облустук соту кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Сүлүктү шаарында иштеп жүргөн 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып салып, камактан бошоткон.

Тажик жарандары Сүлүктүдөгү көмүр кендеринин биринде мыйзамсыз эмгектенип жүргөнү белгилүү болгон. Алар УКМК тарабынан 13-майда кармалган. Алар Тажикстандын Согди облусунун тургундары экени аныкталган.

Өткөн жылы 39 кыргыз жараны Тажикстандын Согди облусунда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу соттолгон. Алардын айрымдары чек ара жаңжалдарына катышкан деп айыпталган.

Үстүбүздөгү жылдын башында Тажикстандын чек арасын «мыйзамсыз өтүүгө» айыпталып эки жылга соттолгон 68 жаштагы Кудайберди Бекмуратов коңшу өлкөнүн абагында каза болгон. Элчилик маркумдун өлүмүн калыс, адилеттүү иликтөө үчүн Тажикстандын ТИМине нота жөнөткөн.

Тема боюнча:

Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталган кыргыз жараны 5 жылга кесилди

Шайырбек Ташиев: Кыргыз жараны Саидахмед Артиков Тажикстанда 18 жылга эркинен ажыратылды

Тажикстан Кыргызстандын чек арачылары менен айрым жарандарына кылмыш ишин козгоду