Сүлүктү шаарында мыйзамсыз иштеген 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып салынды

Кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында иштеген 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жарандар калаадагы көмүр кендеринин биринде мыйзамсыз эмгектенип жүргөн. Алар УКМК тарабынан 13-майда кармалган. Кармалгандар Тажикстандын Согди облусунун тургундары.

Лейлек райондук соту 11 кишини «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Алардын ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынып, камактан бошотулушту.

Өткөн жылы 39 кыргыз жараны Тажикстандын Согди облусунда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу соттолгон. Алардын айрымдары чек ара жаңжалдарына катышкан деп айыпталган.

Үстүбүздөгү жылдын башында Тажикстандын чек арасын «мыйзамсыз өтүүгө» айыпталып эки жылга соттолгон 68 жаштагы Кудайберди Бекмуратов коңшу өлкөнүн абагында каза болгон. Элчилик маркумдун өлүмүн калыс, адилеттүү иликтөө үчүн Тажикстандын ТИМине нота жөнөткөн.

Өткөн жылы чек арадагы эң ири куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Жаңжалда 36 кыргыз жараны набыт болгон.

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн айтып, калган 308 километрин «тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз» деген

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын тургундары менен жолугушууда чек аранын 663,7 километри макулдашылганын тастыктап, кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу эртерээк чечилүүсүнө «кызыктар экенин» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталган кыргыз жараны 5 жылга кесилди

Шайырбек Ташиев: Кыргыз жараны Саидахмед Артиков Тажикстанда 18 жылга эркинен ажыратылды

Тажикстан Кыргызстандын чек арачылары менен айрым жарандарына кылмыш ишин козгоду