Бишкек: Милиция кыз уурдоого шектелген үч адамды кармады

Бишкекте белгисиз адамдар 11-июль күнү саат 9:30 чамасында мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз уурдашкан. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга өзү арыз жазып кайрылган. Аталган факт Октябрь РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдарынын натйжасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызды уурдоого шектүү үч адамды кармашты. Кийин алар Октябрь райсотунун чечими менен 2 айга ТИЗО-1ге киргизилди.

Аялдарды жана кыздарды уурдоо

Кыргызстанда кыз уурдоо коомчулукта көп жылдан бери талкууланып келе жаткан курч маселе. Көп учурда кыздар мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдалат.

Колдонуудагы Жазык кодексине ылайык, никеге туруу максатында адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете элек баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине тургузуу үчүн уурдоо 7 жылдан 10 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирген Зулушев.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

Алсак, 2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Дагы окуңуз:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.