ИИМ: 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган милиционерлердин жетекчилери жазаланды

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазаланды. Бул тууралуу 18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков ЖМКнын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууда билдирди.

Ниязбеков жолугушууну 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата мамлекеттик органдардын отчёттук жумалыгынын алкагында өткөрдү.

Министр 13 жашар кызды зордуктоого айыпталгандардын баары мыйзам чегинде жоопко тартыларын айтты.

«Милиция кызматкерлеринин жетекчилери да катуу сөгүш алуу жана кызмат даражасынан төмөндөтүү түрүндө жазаланды. Алар кадрлар боюнча жетекчинин орун басары жана Бишкектин Свердлов РИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси», — деди министр.

Өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу июнь айында белгилүү болгон. Бул иш боюнча Бишкек шаардык сотунда териштирүү башталган.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козгон ишти териштирүү да аяктап калган. Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин токтогон эмес.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен. Бирок президенттин администрациясынын жообу активисттердин канааттандырган эмес жана алар Жапаров менен жолугушууну суранышкан.

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көп учурда иштер сотко жетпейт, себеп дегенде балдарга карата зомбулук учурлары көбүнесе туугандар тарабынан болот. Жабыркагандардын үй-бүлөлөрү арыз жазган күндө деле туугандар менен ымалага келишип алып арызды кайтарып алышат.

Аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индекстин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат.

Алардын маалыматына ылайык, бул укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерлиги, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу менен байланыштуу.