«Атам, жоём, кырам дегендер өлкөгө кире албай жүрөт» — Улан Үсөйүн Ташиевдин коркутуулары боюнча

Активист Улан Үсөйүн Телеграм каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коркутууларына комментарий берди. Ташиев буга чейин революция жасоону көздөгөндөрдүн «күлүн асманга сапырабыз» деп айткан болчу.

«Ташиев мырза, акыркы убакытта абдан эле көп сөздөр оозуңуздан чыгып жатат. Бул сөздөрдү, мындайча айтканда, көчө балдары сүйлөгөн сөздөр, ушул сөздөрдү лексикондон алып эле салсаңыз абдан жакшы болмок. Ошол эле “колуңарды сындырам”, “тилиңерди жулам”, “күлүңөрдү көккө сапырам” деген нерсе, бул сиздей чоң кызматтагы адамдар колдонбой турган сөз да негизи», — деди активист.

Ал Ташиевге «буга чейин дагы өкүм сүйлөгөн, мен кыйынмын деп төш каккандар болгонун, убакыт баарын көрсөткөнүн, төш кагып, мен атат элем, мен жоёт элем, кырат элем дегендердин бардыгы Кыргызстанга кире албай жүргөнүн» эскертти.

«Мындай нерсе менен, коркутуу-үркүтүү менен сиз эч жакшылыкка жетпейсиз. Эл менен сүйлөшүш керек, аппоненттер менен сүйлөшүш керек, бардыгы, мындайча айтканда, кыргыз элибиз, Кыргызстанды баары эле жакшы жагына өзгөртсөк дейт, баарынын эле каалоосу жакшы да. Ошолор менен сүйлөшүп, пикири алышып, андан көрөкчө, бирге өнүгөлү деш керек да. Анан мындай нерсе менен, кырам, жоём, талкалайм деген нерсе менен эч ким, эч убакта жакшылыкка жеткен эмес. Ошон үчүн урматтуу Ташиев мырза, мен ойлойт элем, кээ бир сөздөргө кылдат болуш керек. Бирок чын эле ошондой оюңар боло турган болсо, эч убакта жакшылыкка алып келбейт, анткени эл деле жыргагандан көчөгө чыкпайт [...] Мындай башкаруучулардын биз даалайын көргөнбүз, кыргыздын тарыхында далай өткөн, силер да өтөсүңөр. Камайт элек, сындырып коёт элек деген нерсе менен Кыргызстандын адамдарынын, элинин эч убакта эркиндигин, эркин ой жүгүртүүсүн, духун сындыра албайсыңар. Болгону эл менен иштешиш керек, [...] андан көрө элдин жашоосун жакшы жакка бурганга аракет кылгыла да, коркутуунун ордуна», — деди Улан Үсөйүн.

Мындан тышкары, активист революцияга каршы экенин, себеби ал эч кандай жакшылыкка алып барбасын кошумчалады.

«Мына ошол эле октябрь окуясында элдер көчөгө чыкканда шайлоону жокко чыгаруу эле талап болгон. Тилекке каршы революция болуп кетти. Ал революцияны кимдер пайдаланып кетти, кайсыл топтор, кайсыл бандиттик топтордун ошол жерде таасири чоң болду, аны баарыбыз жакшы билебиз. Ошонун жыйынтыгында кандай башкаруу келгенин да көрүп жатабыз, эки жылдан өттү, мына көрүп жатабыз. Ошон үчүн биз революцияга жол бербешибиз керек, бул болбошу керек, бийликтин алмашуусу бир гана шайлоо жолу менен болушу керек. Ошол шайлоо таза өтүшү үчүн биз азыркы бийликтеги Садыр Жапаровбу, Ташиевби, башкасынын баарына жеткиришибиз керек да, мындайча айтканда, [алар] таза шайлоону камсыздашы керек да. Анан “бийликти биз алганбыз, биз аны башкарышыбыз керек, биз эле болушубуз керек, биз эле жетектешибиз керек, биз эле кыйынбыз” деген нерсе жакшы эмес», — деп эсептейт активист.

Ташиевдин коркутуулары

17-июлда оппозициячыл саясатчылар таластыктар менен жолугуп, Апрель революциясынын курмандыктарын эскеришкен.

Андан кийин эле, 19-июлда, Sayasat.kg сайтынын журналисти УКМКнын төрагасынан буга кандай ойдо экенин сураган. Журналисттин айтымында, ошол жолугушуудан [Таластагы] кийин күзүндө революция өткөрүүгө даярдыктар башталды деген сөздөр чыга баштаган.

Ташиев журналистке берген жообунда Кыргызстанда күзүндө революция болбосун, анткени бийликтин жасаган иштеринде эч кандай төңкөрүшкө негиз жок деп айтып, эскертүү жасаган.

«Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары “повод” бербейбиз. Таза, эл үчүн иштейбиз. Бизге байлыктын кереги жок. Таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек. Биздин максатыбыз ошол», — деген Ташиев.

Тема боюнча окуңуз: Ташиев революция кылууну көздөгөндөрдүн «күлүн асманга сапырабыз» деп эскертти

Ташиев Самыйкожонун суроосуна: Мага эч ким көрсөтө албайт, көрсөткүчө эле колун сындырып коём

Видео: Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду камаймын деп бир нече жолу коркутту