Сот Равшан Жээнбековдун жардамчысын күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы, жарандык активист Айсулуу Кудайбердиеваны 2019-жылы чек арадан мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн күйнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу адвокаты Бакыт Автандил Фейсбук барагына жазды.

«Адам укуктары бир аз да болсо сакталган укуктук өлкөлөрдө Айсулууну акташмак. Ал Тажикстан менен чек арадан мыйзамдуу өткөн, чек арачыларга паспортун көрсөткөн. Айыптоочу тарапта эч кандай далилдер жок болчу. Алардын айыптоосун тастыктай турган жалгыз күбө сотто чек араны кесип өтүүдө уктап калганын, айыптоочу тараптын айтып жаткандарын тастыктай албасын айтты», — деп жазды адвокат.

Адковат күбөнү уюшкан кылмыштуу топко байланыштырып жатышканын, ал УКМКнын басымында болушу ыктымал экенин белгиледи.

Айсулуу Кудайбердиева өзү Фейсбук барагында соттолгонун, эми расмий кылмышкер экенин жазды.

«Бул иш бир катар себептерден улам УКМК жана Камчыбек Ташиевдин өзү тарабынан фальсификацияланды. Мен оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековго жакын адам болуп саналам. Иш Жээнбековдун адилеттүүлүк үчүн саясий күрөшүн токтотушу үчүн ага басым көрсөтүү максатында козголду. Мунун баарынын артында Ташиев жана анын командасы турат. Ошондой эле мен соцтүйүндөрдө учурдагы бийликтин аракеттерине жана демилгелерине каршы активдүү укук коргоочулук менен алектенем. Менин постторумда цензура жок», — деди ал жарыш сөз учурунда.

Кудайбердиева «Бул баары бүттү дегендик эмес, биз аягына чейин “даканса” күрөшөбүз жана адилеттүүлүк биз тарапта болот!» деп кошумчалады.

Биринчи май райондук сотунан жоопко тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазасы жок өкүм чыкканын билдиришти.

Айсулуу Кудайбердиева — саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы жана жардамчысы. Андан тышкары, Кудайбердиева бийликтеги криминал жана коррупцияга каршы #REакция митингдерине катышып жүргөн.

Активист өткөн жылдын сентябрынан бери эле УКМКга суракка чакыртылып жүргөн, бирок кайсыл иш боюнча экени ачыкталган эмес.

Ал эми 2022-жылдын февралында чек арадан мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатканын билдирген.