Кыргыз-тажик чек арасында суу ресурстарын пайдалануу жанданат

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашылган.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча эки тараптуу маселелерди кароо жаатында ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишкен.

Мындан сырткары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон эки тараптын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешкен.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 километрди түзөт. Чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда байма-бай кагылышуулар болуп турат.

2021-жылдын апрель айында эң ири куралдуу жаңжал чыгып, Кыргызстандын 36 жараны каза тапкан. Ал эми Тажикстандан 19 адам каза болгону айтылган.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн айткан, ал эми тажик президенти Эмомали Рахмон чек аранын 663,7 километри макулдашылганын билдирген.