«Дубалга такап муунткан». Кара-Суу районунун тургуну аялын сабоого шектелип кармалды

Адвокат Мухайё Абдураупова Фейсбук барагына Ош облусунун тургуну түнкү саат экиде аялын «даярдап берген быштагы жакпай калган үчүн» сабаганын жазып чыкты. Анын айтымында, ур-токмокко кабылган аял анын экинчи жубайы болгон.

«Бойдокмун деп алдап, үйлөнүп алган экинчи жубайы. Аял бир нече жолу мамилени үзүп салууга аракет кылган, бирок аны сабап, артынан түшүп, бирге жашоого мажбурлаган. Кишиге түнкү экиде алып келип берген быштагы жакпай калган экен», — деп жазды жактоочу.

Абдураупова аял милицияга арыз менен кайрылганын, бирок «эркек сөрөй ата-энеси менен келгенин» белгиледи. Адвокат жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады.

«Эртеси күнү эксперт аны кабыл алып “Эмне эле болуп жатат, бүгүн ушуну менен зомбулукка кабылган төртүнчү аял келди” деген экен. Азыркы тапта ишти токтотуп салуу үчүн Бишкекен генералдардан өйдө чалып атыптыр. Берки эки жылдан бери аялын сабап жүргөн эркек сөрөй “бардыгын акчага сатып аларын” айткан экен, генералдарда абийир деле калган эмес окшойт, ушундай ишке аралашып», — деп жазды ал.

Ош облустук милициясы эмне дейт?

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев «Клоопко» бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, окуя 21-июлда болгон. Милицияга Араван районунун Сарай айылынын 28 жаштагы М.А. атуу тургуну арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу айым 21-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында жарандык никедеги жолдошу, Кара-Суу районунун Шарк айылынын А. А. атуу 28 жаштагы тургуну аны бети-башка койгулап, эч себепсиз сабаганын айтып берген.

«Үйүндө эч себепсиз уруп, дабалга такап муунтуп, андан киийн буту менен жамбашка тээп, жарат келтирди», — деген жабырлануучу.

Кара-Суу райондук милициясы бул фактыны катоого алып, окуя болгон жерге барып тийиштүү материалдарды топтогон. Аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү сурак учурунда аялынын айткандарынын «баары жалган» деп билдирген. Ал аялы менен уруша кеткенде, жубайы кийимдерин алып үйдөн чыгып кеткенин, ага кол көтөрбөгөнүн айткан.

Жеңиш Аширбаев адвокат Мухайё Абдураупованын «Ишти токтотуп салуу үчүн Бишкектен генералдардан өйдө чалып атыптыр» деген билдирүүсүн «жалган маалымат» деп билдирди.

«Генерал киришкидей бул бала бир да генералдын таанышы же тууганы эмес. Бул үй-бүлөлүк ишке эч ким киришпейт», — деп ишендирди ал.

Аширбаев учурда иштин материалдарын Кара-Суу райондук милициясы текшерип жатканын кошумчалады.

Кыргызстандагы зордук-зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» чукул байланыш кызматы ачылат