Ысык-Көл: Айдоочу 11 жаштагы баланы коюп кетип, өспүрүм жеринде каза болду

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында айдоочу 11 жаштагы баланы коюп кетип, өспүрүм жеринде каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 23-июлда түнкү саат 22:00 чамасында болгон. Бостери айылынын 38 жаштагы тургуну «Тайота Клюгер» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, жолго чуркап чыккан баланы коюп кеткен. Маркум Кичи-Кемин айылынын 11 жаштагы тургуну болгон.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 16-июлунда Ысык-Көлдүн Бостери айылында «Лексус-330» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бараткан казак жаранын коюп кеткен. Маркум Алматы облусунун жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу экени белгилүү болгон.

Факты боюнча «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козголгон. Экспертизанын жыйынтыгында ал мас абалда болгону аныкталган.

Жол кырсыктары

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2017-жылдан 2021-жылга чейин жол-транспорт кырсыктарынан 4006 киши каза тапкан. Ал төрт жылдын ичинде 32 миң жол-транспорт кырсыгы катталып, жалпы 49 639 адам түрдүү жаракаттарды алганын айткан.

2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул көрсөткүч 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Кырсыктын кесепетинен 800дөн ашык адам каза тапкан.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февралында ИИМге жол-транспорт кырсыктарынын санын 50%га азайтуу тапшырмасын берген.

Ал эми ички иштер министрлиги үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырымында 74 жол кырсыгы катталып, 12 адам көз жумганын билдирген. Кырсыктарынан 96 адам ар кандай жаракат алган.