Чүй: Таш-Дөбөдөгү суу маселесин чечүү үчүн 20 млн сом бөлүндү

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы таза суу маселесин чечүү үчүн 20 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу аталган аймактын айыл өкмөтүнөн 24.kg басылмасына билдиришкен.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документтерди даярдоо иштери аяктап, ушул жума ичи тендер жарыяланат. Кийин 200 метр тереңдиктеги жаңы скважина орнотуу иштери баштала турганы айтылган.

Таш-Дөбө айылынын тургундары таза суу көйгөйүн чечүүнү талап кылып үстүбүздөгү жылдын 21-июль күнү митингге чыгышкан. Анда ондогон киши бош чака көтөрүп жол боюна тизилип турушкан.

Митингдин катышуучулары «аптаптуу ысыкта айылда он күндөн ашык суу жок болуп жатканын» белгилешкен.

Айрым тургундар айылда калктын саны жылдан жылга көбөйүп, таза суу жетпей жатканын белгилешкен. Алардын айтымында, суу түтүктөрү оңдоп-түзөөгө муктаж абалга кептелген.

Ошондой эле жашоочулар бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү өкмөт көйгөйдү чечүүнү убадалап, бирок көп жылдан бери аткарбай жатканын сынга алышкан.

Митингге чыккандар айылга суу берилмейинче жол жээгине бош чакаларды көтөрүп чыгууну токтотпой турганын айтышкан.

Кыргызстандагы таза суу көйгөйү

Кыргызстандагы айыл-кыштактардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири — ичүүчү суунун жоктугу. Жада калса таза суу тартылган айрым айыл же шаарларда тургундар бозомтук суу ичүүгө аргасыз.

Өлкөдөгү 300гө жакын айылда таза суу такыр жок, дагы 600 айылда суу түтүктөрү тез арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Эл аралык уюмдар таза суу менен камсыз кылуу багытындагы программаларга көп акча бөлөт.

2026-жылга чейин дээрлик жарым миллиард доллар бөлүнгөн. Бирок соңку эки жылда, болгону 123 айыл таза суу менен камсыз болгон.

Тема боюнча:

«10 күндөн бери суу жок». Таш-Дөбө айылынын тургундары бош чака көтөрүп митингге чыкты

Айылда таза суу жок же түтүктөн ылай аралаш агабы? Же күн алыс сууну өчүрүшөбү? Өз окуяңыз менен бөлүшүңүз!

«Таза суунун мекенинде». Каракол шаарынын тургундары бозомтук суу ичүүгө аргасыз