Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

27-июлда өлкө башчысы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле алар регионалдык кызматташуу темасына токтолушту.

«Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Эки өлкөнүн президенттери бир ай мурда да телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативтик жолугушуусу тууралуу пикир алышкан.

Андан соң президенттер 20-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн кеңешмеде жолуккан. Жыйындын соңунда XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимине кол коюлары айтылып, бирок ага Тажикстан менен Түркмөнстандын лидерлери кол койгон эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң оорчундуу көйгөйлөрдүн бири — чек ара меселеси. Аныкталбаган тилкелердеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.

Садыр Жапаров 15-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн айтып, калган 308 километрин «тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз» деген.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын тургундары менен жолугушууда чек аранын 663,7 километри макулдашылганын тастыктап, кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу эртерээк чечилүүсүнө «кызыктар экенин» айткан.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжалга бир жыл. Хронология