Бийлик Нарында 2000 га жерди суу менен камсыз кыла турган суу сактагыч курууну пландап жатат

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ак-Талаа районунда суу сактагыч жана плотина куруу пландалып жатканын билдирди.

Обустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Анарбек Сокеевдин айтымында, суу сактагыч курулуп калса Ак-Талаа районундагы 2000 гектар жаңы жер сугат суу менен камсыз болот.

Эргешов Суу чарба башкармалыгынын жетекчисине долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну баштоо тапшырмасын берди.

Сугат суу тартыштыгы

Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы көп жылдан бери актуалдуу болуп келет. Фермерлер айласы кетип митингдерге чыгып келет. Бирок бул маселени чечпейт.

2021-жылдын июнь айында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыдай Жайлообаев өлкөдө 1 млн 24 миң гектар сугат жери бар экенин, алардын 23%ы гана суу сактагычтардан сугарыларын айткан.

«Калган жерлер тоолордогу жергиликтүү булактардан сугарылат. Кышында жааган кар сууга айланат. [Быйыл 2021-жылы] кар аз топтолду, ошондуктан тоо булактарында суу аз», — деп түшүндүргөн ал.

Тема боюнча окуңуз: Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат

Эмне үчүн сууну сарамжал пайдалануу зарыл? «Клооптун» тести

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева.