Жаза аткаруу кызматы Дөө Чыңгыз киши колдуу болгонун кабарлады

30-июлда «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов №21 абактагы камералардын биринде каза болду. Жаза аткаруу кызматынан кримтөбөл киши колдуу болду деп белгилешти.

Алдын ала маалыматка ылайык, аны камералашы «жеке кастык мамиленин» негизинде өлтүргөн.

«Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат», — деп белгилешти мекемеден.

Жумагулов 15-июлда Бишкек шаарында кармалып, Биринчи май райондук соту аны 1-сентябрга чейин ТИЗО-1ге камакта калтырган.

УКМКдан кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана жеке ишкерлерден көп убакыттан бери өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалалоого шектелип жатканын айткан.

«Дөө Чыңгызды» кармоо

8-июлда бир катар басылмалар кирмтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын ортосунда атышуу болгонун жазып чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, спецназ кримтөбөлдү кармоого аракет кылган, бирок ал качып кеткен. Анда Жумагуловго ок тийгени да айтылган.

Ал эми эртеси күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жумагуловду кармоо аракети жана ок атышуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирген.

Бирок атайын кызмат 8-июлда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иш-чаралары жүргүзүлгөнүн четке каккан эмес.

Андан соң соцтүйүндө УКМКнын талаптарына баш ийбей кетип калган унаанын айдоочусу менен Жумагуловду кармоого ИИМ тарабынан берилген багыттык маалымкаттын сүрөтү таркаган. Маалымкатта Жумагулов «Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү» катары көрсөтүлгөн.

Бирок ИИМдин өкүлү Тилек Оторов Жумагуловду кармоого багыттык маалымкат берилбегенин айткан. Ал соцтүйүндөрдө тараган маалымкаттын сүрөтү «эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес» деп эскерткен.

Тема боюнча:

Дөө Чыңгыз атыккан кримтөбөл 7-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылды