ССМ: Кыргызстанга инсулин келе баштады

Кыргызстанга инсулин киргизиле баштады. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы тышкы эндокринологу Наталья Добрынина билдирди.

Анын айтымында, 1-августта өлкөгө аралашкан жана кыска мөөнөткө таасир берүүчү «Микстард» жана «Актрапид» препараттарынын партиясы келип түштү.

«Кийинки аптада “Протофандын” келет деп жатабыз. 8-августта келип калат. Инсулиндин биздин тендер боюнча сатып алынган бир жылга жетүүчү кору келет», — деди Добрынина.

1-июлда Кыргызстанга Протафан жана Актрапид инсулининин чакан гуманитардык партиясы келген.

25-июлда маалымат жыйын учурунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбаев 30-июлда Кыргызстанга инсулиндин ири партясы келип түшөт деп билдирген. Касымбеков өлкөнүн аймактары жылдын аягына чейин керектүү сандагы инсулин менен камсыз болорун убадалаган.

Буга чейин кант диабети менен ооругандар өлкөдө инсулин тартыш болуп жатканын айтып датанышкан.

Аталган маселе парламентте да көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдон дарыканалар менен сүйлөшүп, кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин алып келүүнү суранган.

«Инсулин сатып алууда “кант диабети жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу керек, анда мамлекеттик резервде инсулиндин алты айлык запасы болушу керек. Тилекке каршы мыйзамдын бул нормасы аткарылбайт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине жарым жылдык запасты кармап туруу тапшырмасын берүүңүздү өтүнөм» , — деген ал.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январына карата кант диабети менен ооруган 62 878 бейтап катталган. Алардын ичинен биринчи типтегилердин саны 2499 адамды түзөт. Ооругандардын саны жылдан жылга өсүп жатат.


Тема боюнча: Аары эне. Ишкер айым Бишкекте диабет менен ооруган балдар үчүн биринчи бала бакча ачты