Ош: 75 жаштагы тургун Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн велосипед менен Түркияга жөнөп кетти

Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну, эмгек жана спорт ардагери Мамыт Таштанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Түркияга велосипед менен барат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, Таштанов 5-августта сапарга жөнөп кетти. Ал Түркияга жетүү үчүн алгач беш өлкөнү: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Арменияны басып өтөт.

Таштанов сапардын максаты түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо экенин баса белгиледи. Аны Түркияга Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана шаар тургундары узатты.

Ал эми мэрия спорт ардагерине материалдык жардам көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын ири долбоору. Көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркия берилген. 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган.

Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрдын аягында Түркиянын Изник шаарындагы Изник көлүнүн жээгинде өтөт.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин Борбор Азиянын байыркы көчмөн элинин оюндары түзөт. 2021-жылдын декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Тема боюнча:

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 млн сом бөлүнөт. Быйыл ал Түркияда өтөт