Бишкектин борборунда ок атышууга катышкан алты кишинин ар бири 100 миң сом айып төлөйт

Биринчи май райондук соту өткөн жылдын декабрь айында Бишкектин чок ортосунда ок атышууга катышкан алты кишини «Бейбаштык» беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирин 100 миң сомдон айыпка жыкты.

Алардын бирөө «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен дагы күнөөлүү деп табылып, жалпы 150 миң сом айып пул төлөмөй болду.

Райондук соттун маалыматына ылайык, күнөөлүүлөрдөн түшкөн акча мамлекеттик бюджетке чегерилет.

Эмне болгон атышуу?

2021-жылдын 22-декабрынын кечинде Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишилердин тобу мушташкан. Анда мушташкандар спортчулар экени айтылып, жаңжал учурунда ок атуучу курал колдонулган.

Окуя болгон жерден тартылган тасмадан мушташка 10 киши катышканын жана алардын биринде автомат бар экенин көрүүгө болот.

Кийинчерээк милиция кызматкерлери окуяга катыштыгы бар алты адамды таап, кармаган. Алар 29 жаштан 39 жашка чейинки курактагы кишилер болгон.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Бишкек шаардык милициясы ок атышууга катышкандар үй камагына чыкканын кабарлаган. Сот отурумунда айыпталуучулардын өкүлдөрү жабырлануучулардын доо арызы жоктугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирип, судья бул өтүнүчтү канааттандырган болчу.

Тема боюнча:

Бишкектин борборунда ок атышууга катышкан кишилер үй камагына чыкты