Журналист Шохрух Саипов ага карата коркутуулар боюнча милицияга арыз жазды

Журналист Шохрух Саипов 9-августта ага карата коркутуулар боюнча шаардык милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук барагында билдирди.

Саипов арызына бардык фактыларды тиркегенин белгиледи.

Ал эми Ош ШИИБден «Клоопко» журналисттин арызы катталганын тастыкташты. Учурда териштирүү иштери башталганы айтылды.

Жуналист буга чейин Ош аэропортундагы жана «Достук» өткөрмө бекетиндеги таксисттердин чет элдиктерге өкүмзордугу боюнча айтып чыккандан кийин ага карата коркутуу болуп жатканын билдирген.

«Бирөө мени чагымчылдыкка, бири улут аралык кастыкты козутууга айыптап жатат. Дагы бири "мени түрмөгө камаш керек экенин" айтат. Тааныштарымдан менин номеримди да сурап жатышыптыр», — деген ал.

Саипов көбүнчө өзбекстандык жарандардын укуктарынын бузулушуна байланышкан темаларды көтөрүп келет. Ал 4-августта Ош ОИИБге сурак берип чыккан. Буга анын 21-июлда Ош аэропортунда таксисттердин өкүмзордугуна кабылганы боюнча пост жазганы себеп болгон. Мындан улам ал Ош ОИИБге сурак берген.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын февралында ал «Достук» өткөрмө бекетиндеги таксисттердин чет элдиктерге жасаган орой мамилеси тууралуу айтып чыгып, бул боюнча да милицияга чакырылган.

Таксисттердин өкүмзордугуна соцтармактар аркылуу Өзбекстандын жарандары да даттанышкан. Учурда бул маселе боюнча Ош ОИИБи териштирүү жүргүзүп жатат.

5-августка карата Ош аэропортундагы 105 таксист милицияга чакырылып, 25исурак берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Журналист Шохрух Саипов коркутууларга кабылып жатканын айтты

Аэропорттогу таксисттердин Өзбекстандыктарга кылган мамилеси боюнча 105 таксист суракка чакырылды

Журналист Шохрух Саипов таксисттердин маселеси боюнча милицияга сурак берди