Бишкекте митинг: Оогандык качкындар бийликтен АКШга же Канадага көчүрүүнү талап кылууда

10-августта ооганстандык качкындар Бишкектеги Горький скверинин алдына митингге чыгышты. Качкындар аларды АКШ, Канада, Улуу Британия же Жаңы Зеландияга көчүрүүнү талап кылышты.

Митингчилер Кыргызстанда жашагандарына 20 жылдан ашканын, бирок дагы деле мыйзамдуу иштеп, окуп, кыймылсыз мүлк сатып ала албай келгенин айтып чыгышты. Аны менен катар, Кыргызстандын аймагынан чыга албай жатканын кошумчалашты.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, көчүп кетүү үчүн аларга документтер керек.

«Биз бул жерде 20 жылдан ашык убакыттан бери качкын катары жүрөбүз, бирок Жогорку сот бизди турак-жай менен камсыздоодон баш тартты. Биздин укуктарыбыз бузулуп жатат. Биз үчүн бул жерде келечек да, учур чак да жок. Көп жылдан бери уланып келаткан көйгөйүбүздү чечүүнүн жалгыз жолу — бизди мүмкүн болушунча эртерээк көчүрүү», — дешти митингге чыккандар.

Бул Ооганстандык качкындар митингге чыккан биринчи учур эмес. Ушундай эле талап менен алар 2021-жылдын август айында да нааразычылык акциясын уюштурушкан. Оогандыктар чиновниктердин бирөө жолугушууга чыкмайын митинг улана берерин айтышкан. Чогулгандар буга чейин ооган элчилигине кайрылып, андан майнап чыкпаганын белгилешкен.

Анда ооганстандык качкындар «Талибан»* радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуусунун шартында элчиликтин алдына митингге чыгышкан.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Ооганстан талибдердин карамагына өткөнү 2021-жылдын 16-августунда билинген. Анда «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Азыр Бириккен Араб Эмираттарында экени айтылууда.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.