Султанбеков: Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаева жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева 8-августтан бери жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жатат. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук барагына жазды.

Сүрөт Темирлан Султанбековдун Фейсбук барагынан алынды.

Султанбековдун айтымында, Атамбаева жыл башынан бери үч жолу ооруканага жатып чыкты.

«Бүгүн Раиса Атамбаева жолдошуна жолукканы барышы керек болчу. Ал тургай дарыгерлерден балдары менен №27 колонияга эки саатка барып келүүнү суранган. Бирок, тилекке каршы, абалы алсыздап, нервдик чарчоодон бара алган жок», — деди Султанбеков.

Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 колонияда камакта. Ал май айынын аягында Улуттук кардиология борборуна жаткырылганы кабарланган.

Жалпысынан Атамбаевге 7 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен октябрь окуялары боюнча ишти кошкондо үч иш боюнча Атамбаев акталды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы президент 11 жылга кесилген.

Ошондой эле Атамбаевге карата 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо жана Кой-Таш айылында мыйзамсыз жер алуу боюнча кылмыш иштер бар. Акыркы үч иш бир өндүрүшкө бириктирилип, сотто каралууда.

12-августта сот Кой-Таш окуясы боюнча 13 айыпталуучунун баш коргоо чарасын карап, тергөө мөөнөтү аяктаганча эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Бирок алардын арасында бир гана Атамбаевдн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн эмес.

Ал эми Атамбаев өзүнө карата козголгон козголгон кылмыш иштерин саясий куугунттук катары баалай турганын билдирген.

Тема боюнча:

Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияга которулду

Кыйноолорду алдын алуу борбору: Атамбаевдин ден-соолугу кескин начарлап баратат