Путин Орусияда мигранттарды көндүрүү борборлорун ачуу сунушун колдоду

Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттар үчүн орус мыйзамдарын жана салттарын үйрөнүү боюнча адаптациялык борборлорду ачуу идеясын колдоду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Мындай борболорду ачуу маселесин Путин Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Баринов менен жолугушууда талкуулады. Чиновник жолугушууда Орусиянын бир нече аймагында пилоттук режимде мигранттарды көндүрүү борборун ачууну сунуштады.Анын айтымында, андай борборлор мигранттардын мейкиндик жана социалдык обочолонуусун алдын алууга шарт түзөт. Ал аталган борборлордо укуктук жана психологиялык дагы жардам алса болорун, себеп дегенде «психологдордун айтымында, мигрант абдан чоң стресске тушугат» деп кошумчалады.

Баринов миграциялык процесстер кээде айрым аймактарда этномаданий ландшафтты өзгөртүп коёт деп белгиледи.

«Анклавдардын пайда болуу коркунучу бар, этникалык кылмыштуулук күчөп баратат, эмгек рыногунун айрым багыттары өтө олуттуу кысымга кабылууда, албетте, ошол эле учурда башкача реакция болуп жатат, көбүнесе ал кабыл алуучу коомдун терс реакциясы. Мигранттарды социалдык-маданий көндүрүү ишин күчөтүү абдан маанилүү», — деди ал.

Путин мигранттар келип жаткан өлкөлөрдүн бийлиги «буга макул жана ишке тартылууга даяр экенин» билдирди.

«Мен кесиптештеримдин көбү менен сүйлөшүп жатам, көбү ишке тартылышты, бизге бул багытта болгону жигердүүлүктү көрсөтүү керек. Ал жактан эч ким каршы эмес, эч кимде нааразычылык жок. Тескерисинче, Өзбекстанда, Тажикстанда, Кыргызстанда — баары тең ошондой кылып жатышат. Биз болгону жигердүүрөөк болушубуз керек, алар буга да кызыктар. Алар адамдар мекенинен кетип, бизге келип жатканда көнүшүп, биздин маданиятты, тилди, анан албетте, орус мыйзамдарын билиши керектигин жакшы түшүнүп эле турушат», — деди орус президенти.

Fergana маалымат агенттик мигранттарды көндүрүү борборлору Орусиянын бир катар аймактарында, анын ичинде Санкт-Петербург, Красноярск жана Тюменде бар экенин жазат. Андай борбордун биринчиси 2013-жылы Тамбовдо ачылган.

Кыргызстанда миграциялык борборлорду ачуу

Быйыл февраль айында Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда Кыргызстанда миграциялык борборлорду ачууну сунуштаган. Мамытов бул кыргыз жарандарына «тиешелүү документтерди алдын-ала даярдоосуна, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жараяндардан өтүүсүнө жана ишке орношуусуна көмөктөшөт» деген пикирин айткан. Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Володин сунушту «жактырганы» айтылган.

Ал эми бир айдан кийин эле Кыргызстандын ТИМнин өкүлү Алмаз Имангазиев менен Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунун жетекчиси аталган борборлорду Бишкек жана Ошто ачуу маселесин талкуулашкан. Миграциялык борборлор 2022-жылдын жайына чейин ачылары кабарланган.

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, жалпысынан 1 млн 118 миң кыргызстандык чет жерде эмгек миграциясында жүрөт. Алардын бир миллионго жакыны Орусияда иштейт.