Айзаданын уурдалышы. Соттолгондор маркумдун апасына болгону 20 миң сомдон төлөйт

6-сентябрда Жогорку сот Айзада Канатбекованы өлүмүнө айыптуулар маркумдун апасына моралдык зыян катары 20 миң сомдон төлөп берет деген чечим чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов Фейсбук барагына жазып чыкты.

«Жогорку сот “кылмышкер канчалык көп болсо, компенсация ошончо аз” деген абсурд тажрыйбаны кабыл алды. Жогорку сот 100 миң сом компенсацияны беш соттолуучуга бөлүп, 20 миң сомдон төлөйт деген чечимди күчүндө калтырды. Биз мыйзамдын маңызына жараша ар бир соттолуучудан 100 миң сомдон өндүрүп берүүнү суранган элек. Акмак эмей эмине?!» — деп жазды Токтакунов.

Жогорку соттон «Клооптун» журналистине Биринчи май жана Бишкек шаардык сотунун чечими күчүндө калганын тастыкташты.

Август айында Токтакунов алгачкы эки инстанциянын чечимине нааразылыгын билдирген. Ал «Эгер Жогорку сот дагы бул абсурдду колдой турган болсо, анда бүтүндөй система өзүнүн абсурддугун далилдейт» деген анда.

Адвокаттын айтымында, мыйзамда белгилүү бир кылмышкерге карата 100 миң сомдон ашпаган гана сумма каралган, тактап айтканда, ар бир кылмышкер моралдык зыян катары 100 миң сомдон ашпаган сумманы гана төлөп бере алат. Бирок судьялар жабырлануучу 100 миң сомдон ашык албашы керек деп бул чекти аларга карата колдонуп коюшту.

Жактоочу адам өлтүрүү болгони шартта мындай практика колдонулуп жатканына нааразы болгон.

«Мындайча болуп калып жатат да: эгер аялды бир киши зордуктаса, ал аял моралдык зыян катары 100 миң сом ала алышы мүмкүн, бирок эгер аны он киши зордуктаса, алардын ар бири болгону он миң сомдон төлөшөт. Ал эми аялды жүз киши зордуктаса — ар бири 1000 сомдон төлөйт», — деп кыжырданган адвокат.

Токтакунов кылмышка шериктер канчалык көп болсо, өндүрүлө турган сумма ошончолук аз болорун түшүндүргөн. Ал сот ушундай чечим чыгара берсе кылмышкерлер бири-бирин кылмышка топ болуп барууга үндөй башташат деп эсептейт.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатабекова мажбурлап никеге тургузуу үчүн 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган. Окуя шаардагы видео байкоочу камерага түшүп калган. Эки күндөн кийин 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылган. Анын ичинде кыздын жана уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү болгон.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын да кыйган деп билдирген. Кийин, Теңизбаев Канатбекованы өлтүрөр алдында зордуктаганы аныкталаган.

Кыз киши колдуу болгондон кийин милиция Канатбекованы уурдоого катышкандарды кармаган. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган.


Тема боюнча окуңуз: Айзада Канатбекованы издөөдөгү милициянын шалаакылыгы боюнча иш дагы деле сотко өтө элек